# 33-берене. Улуттук коопсуздук органдарын куралдандыруу жана жабдуу каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 33-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-33

---

1. Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнүн алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында куралдандыруу жана жабдуу каражаттарын, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды лицензиясыз сатып алат же алат жана пайдаланат, улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусуна алынган курал-жаракты, башка кызматтык жана жарандык куралды жана аларга ок-дарыларды сатып алат жана пайдаланат, ошондой эле алардын сакталуусун камсыз кылат.

2. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинде пайдалануу үчүн арналган куралдандыруунун жана жабдуунун каражаттары, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды, курал-жарактарды жана аларга ок-дарыларды сатуу, берүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-34)
