# 28-берене. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 28-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-28

---

1. Улуттук коопсуздук органдары өз кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматтык ишине байланыштуу алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кылмыштуу кол салуудан жеке коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Кызматтык милдеттерин аткарууда жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматкерлер шлем, зооткүрмө жана башка жеке коргоону жана чүмбөт каражаттарын пайдаланышат.

2. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө реалдуу коркунуч жаралган учурда көрүлөт.

3. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоону камсыз кылуу үчүн конкреттүү жагдайларды эске алуу менен төмөнкү коопсуздук чаралары көрүлөт:

1) жеке кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;

2) курал, өзүн коргоочу атайын каражаттарды берүү жана коркунуч тууралуу кабарлоо;

3) корголуучу адам тууралуу маалыматтын купуялыгын камсыз кылуу;

4) убактылуу коопсуз жайга жайгаштыруу;

5) кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен башка кызмат (иш) ордуна которуу же окуган жерин өзгөртүү, же болбосо башка жерге көчүрүү;

6) паспорттогу маалыматтарды өзгөртүү жана документтерин алмаштыруу;

7) тышкы келбетин өзгөртүү;

8) сотто сүйлөгөн учурда келбетин чүмбөттөө же жүзүн көрсөтпөө, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарын жана башка маалыматтарын ачык жарыялабоо.

4. Жеке коопсуздук чараларын ишке ашыруу максатында белгиленген тартипте ыкчам издөө жана башка иш-чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Коопсуздук чараларын колдонуу шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-29)
