# 27-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын өздүк коопсуздукту камсыз кылуу чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 27-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-27

---

1. Кызматкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган учурларда, тартипте жана мөөнөттөрдө төмөнкүлөрдөн өтөт:

1) баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды керектөөсүнө, алардын алкоголго, баңги затка же башка токсинге көз карандылыгынын болушуна, ошондой эле алардын улуттук коопсуздук органдарында кызматка же ишке жарамдуулугун жана квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун аныктоо максатында психофизиологиялык изилдөөдөн, тестирлөөдөн жана текшерүүдөн;

2) мамлекеттик сырларга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жоболоштуруудан;

3) улуттук коопсуздук органдарынын өздүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан атайын текшерүүдөн.

2. Улуттук коопсуздук органдарынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле аларга жанаша турган аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актыларына ылайык куралдуу кайтарууга алынуусу тийиш.

Улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине кирүүдө (транспорт каражаты менен өтүүдө) жана мындай объекттерден чыгууда (транспорт каражаты менен чыгууда) кызматкерлер жарандарды жеке кароодон, жанындагы буюмдарын, документтерин, транспорт каражаттарын жана алар менен алып келинүүчү буюмдарды кароодон, анын ичинде атайын техникалык каражатты колдонуу менен кароодон өткөрөт, объекттерге мыйзамсыз кирген адамдарды объекттердин аймагынан издөө жана кармоо чараларын көрөт. Жарандар жана кызмат адамдары көрсөтүлгөн объекттердеги контролдоо-өткөрмө жана ички объекттик режимдин талаптарын сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-28)
