# 25-берене. Кызматкердин кызматтык күбөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-25

---

1. Кызматкердин кызматтык күбөлүгү анын өздүгүн, улуттук коопсуздук органдарына таандыктыгын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге берилген кызмат ордун, аскердик наамын, укугун жана ыйгарым укугун, ошондой эле куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастаган документ болуп саналат.

2. Кызматтык күбөлүктөрдүн үлгүлөрү, аларды берүү жана пайдалануу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-26)
