# 24-берене. Кызматкерлердин укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 24-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-24

---

1. Кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Мыйзам менен түздөн-түз ыйгарым укук берилген органдарды жана кызмат адамдарын кошпогондо, эч ким алардын кызматтык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

2. Кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда, алардын мыйзамдуу талаптарын жарандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.

3. Кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, каршылык көрсөтүү, коркунуч келтирүү, зомбулук көрсөтүү же өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

4. Кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерлердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кылмыштуу кол салуудан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат.

5. Кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, улуттук коопсуздук органынын расмий өкүлү же соттун чечими болбостон алып келүүгө, кармоого, жеке кароого жана анын буюмдарын кароого, ошондой эле жеке жана ал пайдаланган транспортун кароого жол берилбейт.

6. Мыйзамга ачыктан-ачык каршы келген буйрукту же көрсөтмөнү алганда кызматкер мыйзамды аткарууга карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

7. Чет мамлекеттердин атайын кызматтарында, эл аралык уюмдарда, уюшкан кылмыштуу топтордо жана кылмыштуу уюмдарда атайын тапшырмаларды аткарып жаткан (аткарган) кызматкерлер жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сырга кирет жана алардын макулдугу менен гана жана Кыргыз Республикасынын. мыйзамдарында каралган учурларда ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

8. Кызматкерлер ушул Мыйзамда белгиленген аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүгү менен шартталган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин пайдаланат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача учурларда кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч кимдин укугу жок.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-25)
