# 22-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2025 года № 165 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389#diff=1176665..37140>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-22

---

1. Улуттук коопсуздук органдары аскер кызматчылары, мамлекеттик жарандык кызматчылар жана кызматкерлер менен комплекттелет.

2. Улуттук коопсуздук органдарында, ага баш ийген аскер бөлүктөрдө (мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын кошпогондо), башка уюмдарда аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, мамлекеттик жарандык кызматчылар, ошондой эле штаттык кызмат орундарына дайындалган кызматкерлер улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналат.

3. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык аскердик кызмат өтөшөт. Алар Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн каралган укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланат.

4. Аскер кызматчысы болуп саналбаган кызматкерлердин кызматтык иши ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдары жана эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат. Алар ушул Мыйзамда, ошондой эле ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат мыйзамдарында жана эмгек мыйзамдарында каралган укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланат.

5. Кызматкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин Ар-намыс кодексин сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн Кодекстин жоболорун бузган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик органдарга, ошондой эле менчигин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча штаттык кызмат орундарын ээлөө үчүн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аскер кызматында калтырылуу менен, ишке жиберилиши мүмкүн. Ишке жиберилген кызматкердин ал ишке жиберилген мамлекеттик органдын административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөсү конкурстук тандоодон тышкары жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик органдарга, ошондой эле ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга ишке жиберүү мезгилинде кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары, кепилдиктери, жеңилдиктери, компенсациялары, пенсиялык камсыз кылуусу жана социалдык коргоосу сакталат.

8. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин чечүү максатында чет мамлекеттерге ошол мамлекеттердин атайын кызматтары же укук коргоо органдары менен макулдашуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдарга белгиленген тартипте расмий өкүлдөр жиберилиши же кызматкерлер ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин актылары менен аныкталуучу тартипте аларды аскердик кызматта калтыруу менен ишке жиберилиши мүмкүн.

9. Кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу атайын (аскердик) окуу жайларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат. Кызматкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана алардан өтүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.

91. Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:

1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;

2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканда.

10. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрларында, аракеттеги резервинде же запасында турат.

11. Аскердик кызматтан бошотулган кызматкерлер улуттук коопсуздук органдарынын атайын аскердик эсебинде же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турат.

(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-23)
