# 19-берене. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389#diff=40023..56725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-19

---

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу - улуттук коопсуздук органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу иши:

1) киберкоркунучка каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда, анын ичинде инженердик-техникалык жана криптографиялык каражаттарды колдонуу менен;

2) киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө;

3) маалыматтык инфратүзүм объекттеринин коопсуздугун криптографиялык жана инженердик-техникалык методдор менен камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде мамлекеттик сырды түзгөн берилүүчү маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуучу шифрленген, жашыруун, өкмөттүк байланыш тутумдарын уюштурууда жана эксплуатациялоодо.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-20)
