# 18-берене. Кылмыштуулук менен күрөшүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-18

---

1. Улуттук коопсуздук органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан коррупцияны, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жана аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү мыйзам менен карамагына киргизилген башка кылмыштарды табууну, алдын алууну, бөгөт коюуну жана бетин ачууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүнү максат кылган мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн, кылмыштуу топтордун, айрым адамдардын жана коомдук бирикмелердин ишин табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат.

2. Улуттук коопсуздук органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-19)
