# 17-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-17

---

1. Улуттук коопсуздук органдары өз компетенциясынын чегинде терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу башка субъекттердин ишин координациялайт, ошондой эле террористтик жана экстремисттик ишти алдын алуу, табуу, бөгөт коюу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

2. Улуттук коопсуздук органдары террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана тергөө жолу менен, ошондой эле эл аралык террористтик жана экстремисттик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу аркылуу терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү түздөн-түз жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-18)
