# 11-берене. Аскердик контрчалгындоо органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-11

---

1. Аскердик контрчалгындоо органдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө, мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, алардын башкаруу органдарында жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик объекттерде улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырат.

2. Аскердик контрчалгындоо органдары ыкчам-кызматтык ишинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн командачылыгына, мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана алардын башкаруу органдарынын жетекчилигине көз каранды эмес.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-12)
