# 1-берене. Улуттук коопсуздук органдары жана алардын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389#diff=40023..56725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112389/edition/1176665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112389/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук тутумунун аскердик түзүлүштөрү жана курамдык бөлүгү болуп саналган жана аларга берилген атайын ыйгарым укуктардын чегинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары.

2. Улуттук коопсуздук органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;

2) чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

3) террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик ишти, уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун жана аналогдорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген башка кылмыштарды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;

4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;

7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана башка уюмдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мекемелерин атайын (шифрленген, жашыруун, өкмөттүк) байланыш түрлөрү менен камсыз кылуу;

8) атайын байланыш түрлөрүн уюштурууда криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, бул ишти мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдарын тартууга тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112389/st-2)
