# 9-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн терроризмге каршы күрөшүүдө пайдалануу

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 9-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүдө курал-жаракты жана аскердик техниканы колдонуу менен аба, суу жана жердеги мейкиндиктин коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле терроризм актысынын коркунучтарын четтетүүгө катышат.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым бөлүмдөрүн жана аскердик бөлүктөрүн терроризмге каршы операцияга пайдалануу жөнүндө чечимди терроризмге каршы операциянын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги кабыл алат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-10)
