# 8-берене. Терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-8

---

1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана мамлекеттик органдардын бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) саналат.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы ишин координациялоону ыйгарым укуктуу органдын Терроризмге каршы борбору жүзөгө ашырат.

3. Терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин өркүндөтүүнү уюштуруу максатында терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия түзүлөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-9)
