# 7-берене. Аткаруу бийлик органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенциялары

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 7-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-7

---

Министрлер Кабинети өзүнө баш ийген органдарга төмөнкүлөр боюнча компетенцияларды бөлүштүрүү жана берүү жолу менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат:

1) террористтик ишти, анын ичинде контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү аркылуу алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу;

2) терроризм актысын даярдоого жана жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу, ошондой эле террористтик коркунучтарды талдоо жана божомолдоо;

3) терроризмге каршы операцияларды уюштуруу жана жүргүзүү;

4) терроризмге каршы машыгууларды, ошондой эле террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргоо абалын аныктоого (айкындоого) багытталган башка атайын иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;

5) маалыматтык терроризмге жана терроризм максаттары үчүн жергиликтүү жана глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонууга каршы аракеттенүү;

6) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан өзүнө баш ийген органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

7) маалымат системасынын мазмунун аныктоо жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;

8) террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;

9) мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында террористтерди табуу жана кармоо, ошондой эле террористтердин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин аныктоо, табуу жана бөгөт коюу;

10) террористтик мүнөздөгү кылмыштары үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;

11) жасалган терроризм актысынын натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жана анын кесепеттерин жоюу;

12) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга шашылыш медициналык жардамды, медициналык-психологиялык коштоону уюштуруу;

13) терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн зарыл болгон башка компетенциялар.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-8)
