# 34-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш болгон адамдар

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 34-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-34

---

1. Терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан адамдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда болот.

2. Төмөнкүлөр укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш:

1) терроризмге каршы күрөшүүгө түздөн-түз катышып жаткан (катышкан) аскер кызматчылары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана адистери;

2) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга террористтик иштин алдын алууда, аныктоодо, бөгөт коюуда жана анын кесепеттерин азайтууда туруктуу же убактылуу негизде көмөк көрсөткөн адамдар;

3) ушул беренеде саналган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-35)
