# 3-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 3-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-3

---

Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

2) мыйзамдуулук;

3) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча саясий, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды колдонуунун системалуулугу жана комплекстүүлүгү;

4) саясий, философиялык, идеологиялык, расалык, этностук, диний мүнөздөгү ойлор боюнча терроризмди актоонун жол берилбестиги;

5) терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин коомдук бирикмелер, диний, эл аралык жана башка уюмдар, ошондой эле жеке жактар менен кызматташуусу;

6) терроризмге каршы күрөшүүдө атайын каражаттар, техникалык ыкмалар, аракеттердин тактикасы жөнүндө, ошондой эле алардын катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтардын купуялыгы;

7) террористтерге саясий келишүүлөргө жол берилбестиги;

8) терроризмге каршы аракеттенүү чараларынын террористтик коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына шайкештиги.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-4)
