# 29-берене. Терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 29-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-29

---

1. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө терроризм актысы жөнүндө коомчулукка маалымдоо ыкчам штабдын жетекчиси же көрсөтүлгөн штабдын коомчулук менен байланышты сактоо үчүн жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формада жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.

2. Төмөнкүдөй маалыматтарды таратууга жол берилбейт:

1) терроризмге каршы операция жүргүзүүнү кыйындатуучу жана терроризмге каршы операция жүргүзүү зонасында калган же көрсөтүлгөн зонанын чегинен тышкары жүргөн адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;

2) терроризмге каршы операцияга катышкан адамдар жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө;

3) терроризмге каршы операцияны жүргүзүүнүн атайын техникалык ыкмаларын жана тактикасын ачып көрсөтүүчү;

4) терроризмди пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-30)
