# 24-берене. Ыкчам штабдын негизги компетенциялары

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 24-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-24

---

Ыкчам штаб:

1) даярдалып жаткан же жасалуучу терроризм актысынын мүнөзүн жана масштабын аныктоо максатында жагдай тууралуу маалыматтарды топтойт, жалпылайт, талдайт жана баалайт;

2) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү боюнча эсептерди жана сунуштарды даярдайт;

3) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү планын иштеп чыгат жана көрсөтүлгөн план бекитилгенден кийин анын аткарылышын контролдоону уюштурат;

4) күжүрмөн буйрукту, терроризмге каршы операцияны даярдоо жана жүргүзүү тартибин, терроризмге каршы операциянын укуктук режимин аныктоочу башка документтерди даярдайт;

5) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн жана каражаттардын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

6) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка чараларды көрөт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-25)
