# 21-берене. Терроризмге каршы операция жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 21-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-21

---

1. Эгерде терроризм актысына башка күчтөр же ыкмалар менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, ага бөгөт коюу үчүн терроризмге каршы операция жүргүзүлөт.

2. Терроризмге каршы операцияны жүргүзүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле терроризмге каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, же болбосо анын тапшырмасы боюнча Терроризмге каршы борбордун жетекчиси кабыл алат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси террористтик коркунуч деңгээлин киргизүү жана терроризмге каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле ал жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана зарыл болгондо башка кызмат адамдарына кабарлайт.

4. Даярдалып жаткан же жасалган терроризм актысы тууралуу билдирүү кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-22)
