# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 2-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:

1) террористтик иштин алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, бул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү, ошондой эле терроризмдин кесепеттерин азайтуу жана (же) жоюу;

2) терроризмге каршы аракеттенүү субъекттеринин мамлекет ичинде өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;

3) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-3)
