# 18-берене. Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 18-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-18

---

1. Объекттерди терроризмге каршы коргоо бул объекттердин терроризм актысына карата туруктуулугун жана мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга жана жоюуга даярдыгын жогорулатууга багытталган чаралардын системасы менен ишке ашырылат.

2. Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы укуктук, уюштуруу, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, режимдик-күзөт жана башка чараларды камтыйт.

Объекттерди терроризмге каршы коргоо боюнча чаралардын системасы жарыяланууга тийиш эмес.

3. Терроризм актысынын коркунучу пайда болгондугу жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүүчү ишти уюштуруу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо үчүн инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун деңгээлдери белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-19)
