# 16-берене. Уюмдарды, ошондой эле маалыматтык материалдарды террористтик деп таануу тартиби

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 16-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-16

---

1. Уюм соттун чечиминин негизинде террористтик деп таанылат жана жоюлууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын соту уюмду, анын ичинде чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмдөрүн, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) террористтик деп тааныган учурда ошол уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, аларга таандык мүлк жана көрсөтүлгөн уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлкү соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айландырылат.

Террористтик уюмдун башкаруусунда турган мүлк, ошондой эле анын кызыкчылыгында башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк да алып коюлууга тийиш.

3. Уюмду террористтик деп таануу жана анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салуу тууралуу доо арызы терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар берген материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко берилет.

4. Маалыматтык материалдарды террористтик деп таануу тууралуу арыз терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко берилет.

5. Соттор террористтик деп тааныган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын реестрин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзөт.

6. Соттор террористтик деп тааныган уюмдардын тизмеги мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына жыл сайын жарыяланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-17)
