# 12-берене. Терроризм идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүү

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 12-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-12

---

1. Терроризмге маалыматтык-пропагандалык каршы аракеттенүү төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) терроризм коркунучун түшүндүрүү;

2) терроризм идеологиясын пропагандалоо формаларын жана методдорун табуу;

3) коомдо терроризмге каршы пикирди калыптандыруу;

4) терроризмдин алдын алууда терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун институттарынын күч-аракеттерин бириктирүү;

5) терроризмди колдоонун социалдык-экономикалык базасын кыскартуу;

6) маалыматтык терроризмге каршы аракеттенүү.

2. Терроризмге каршы маалыматтык-алдын алуучу аракеттенүүнү Терроризмге каршы борбордун координациялоочу ролу алдында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-13)
