# 10-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү

- Документ: [Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3174/edition/1177705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112387/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, 10-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-10

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, диний жана башка бирикмелер, жеке жана юридикалык жактар коомдо терроризмди кабыл албоону калыптандырууда терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.

2. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга жарандардын көмөгү, анын ичинде террористтик иш тууралуу аларга белгилүү болгон, ошондой эле алар тууралуу маалымат террористтик иштин алдын алууга, табууга, бөгөт коюуга, анын кесепеттерин азайтууга шарт түзүшү мүмкүн болгон ар кандай башка жагдайлар тууралуу билдирүү ар бир адамдын жарандык милдети болуп саналат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112387/st-11)
