# 8-берене. Чалгындоо ишинин усулдары жана каражаттары

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 8-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-8

---

1. Тышкы чалгындоо органдары тышкы чалгындоо ишин өз алдынча, ошондой эле өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.

2. Тышкы чалгындоо органдары чалгындоо иши процессинде, алардын өзгөчө мүнөздөрү бул иштин шарттары менен аныкталуучу ачык жана жашыруун усулдарды жана каражаттарды пайдалануусу мүмкүн.

3. Чалгындоо ишинин усулдары жана каражаттары адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөгө тийиш.

4. Чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу процессинде тышкы чалгындоо органдарына белгилүү болгон жеке жашоо же коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголгон башка купуя сыр жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбоого тийиш.

5. Тышкы чалгындоо органдары чалгындоо ишинин максатына жетиш үчүн маалымат тутумдарын, видео жана аудио жаздырууну, фото сүрөткө тартууну, ошондой эле ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптарына жооп берген башка усулдарды жана каражаттарды түзүүгө, сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-9)
