# 7-берене. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруудагы конспирация

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 7-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-7

---

1. Тышкы чалгындоо иши төмөнкү маалыматтарды жашыруун сактоо менен жүзөгө ашырылат:

1) тышкы чалгындоо ишин уюштуруу, анын тактикасы, күчтөрү, каражаттары, усулдары, пландары, абалы, натыйжалары жана каржылануусу тууралуу;

2) тышкы чалгындоо органдарына жарандардын жардам көрсөтүүлөрү тууралуу;

3) тышкы чалгындоо органдарына купуя негизде көмөк көрсөткөн жарандар жөнүндө;

4) тышкы чалгындоо органдарынын ыкчам киргизүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери, жашыруун кызматкерлер жөнүндө жана тышкы чалгындоо органдарынын башка кызмат адамдары тууралуу;

5) тышкы чалгындоо органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жана жүзөгө ашырылуучу башка иштер тууралуу;

6) тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруудагы эл аралык кызматташтык жөнүндө.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-8)
