# 6-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын иш чөйрөлөрү

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 6-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-6

---

Тышкы чалгындоо органдарынын иши өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) саясий, экономикалык, маалыматтык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө, атайын байланыш түрлөрүн уюштуруу жана эксплуатациялоо, атайын техникалык жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары иш-сапарга жиберилген, өзүнүн ишинин теги боюнча мамлекеттик сырга жеткиликтүүлүгү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү;

2) аскердик, аскердик-саясий, аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык жана экологиялык чөйрөлөрдө аскердик чалгындоо органдары;

3) мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрү тарабынан.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-7)
