# 2-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 2-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

1) тышкы чалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын тышкы чалгындоо органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чалгындык маалыматты табуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында мамлекет жүргүзүүчү чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү иши;

2) тышкы чалгындоо - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык жана жашыруун чалгындоо, уюштуруу жана башкаруу чараларынын тутуму;

3) тышкы чалгындоо органдары - компетенциясына тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруу кирген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, аскердик чалгындоо органдарынын жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрү;

4) чалгындоо маалыматы - чет мамлекеттердин, атайын кызматтардын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка, анын ичинде террористтик, сепаратисттик, экстремисттик уюмдардын, кылмыштуу топтордун (кылмыштуу уюмдардын), ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган реалдуу жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү, иш-аракеттери, пландары жана ниеттери жөнүндө тышкы чалгындоо органдары табуучу жана пайдалануучу маалыматтар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-3)
