# 16-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын ишин ведомстволук контролдоо

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 16-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-16

---

1. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери чалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

2. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылат:

1) тышкы чалгындоо ишинин уюштурулушун, тактикасын, формасын жана усулдарын, тартылган күчтөрдү жана каражаттарды;

2) чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;

3) тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууда купуялуулукту жана конспирацияны камсыз кылууну;

4) тышкы чалгындоо ишине бөлүнгөн финансылык каражаттын чыгымдалышын.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-17)
