# 14-берене. Тышкы чалгындоо органдарына купуя көмөк көрсөткөн адамдарды социалдык жана укуктук коргоо

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 14-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-14

---

1. Чалгындоо ишинин максатына жетишүү үчүн тышкы чалгындоо органдары купуя көмөк көрсөтүүгө макулдугун берген, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адамдар менен акысыз же акы төлөнүүчү негизде жабык кызматташуу мамилесин түзөт.

2. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосунда турат.

3. Купуя көмөк көрсөткөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тышкы чалгындоо органдары аларды коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат.

4. Тышкы чалгындоо органдарына купуя көмөк көрсөткөн адамдарды коргоо башка мамлекеттик органдар тарабынан, тышкы чалгындоо органдары менен өз ара аракеттенүү тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Тышкы чалгындоо органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана социалдык коргоо кепилдиктери контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамга ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-15)
