# 13-берене. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 13-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-13

---

1. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери аскер кызматчылары үчүн мыйзамдарда каралган милдеттерди аткарышат, укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.

2. Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттин коргоосунда турат. Эч ким, мыйзамдар менен буга түздөн-түз ыйгарым укуктар берилген органдарды жана кызмат адамдарын кошпогондо, тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.

3. Мамлекет тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта кармалган, камакка алынган же соттолгон тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн сөзсүз бошотууга бардык чаралар аркылуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Чалгындоо ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлеринин жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле мүлктөрүн мыйзамсыз кол салуулардан жана коркунучтардан коргоо тышкы чалгындоо органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылынат.

5. Чалгындоо ишинин максатына жетишүү үчүн тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери ведомстволук таандыктыгын ачыкка чыгарбастан жана аскердик кызматта калуу менен, мамлекеттик органдарда жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда кызмат орундарын ээлөөсү жана иштөө үчүн жиберилиши мүмкүн.

Тышкы чалгындоо органдарынын кызматкерлери тышкы чалгындоо ишинин милдеттерин ишке ашырууда тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилигине көз каранды эмес.

6. Көрсөтүлгөн органдардын жана уюмдардын кызмат адамдары кызматкерлердин тышкы чалгындоо органдарына таандыктыгы жөнүндө аларга белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.

7. Тышкы чалгындоо органынын кызматкеринин макамы анын функционалдык милдеттерине шайкеш келбеген максаттарда пайдаланылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-14)
