# 10-берене. Тышкы чалгындоо иши жөнүндө маалыматтарды коргоо

- Документ: [Тышкы чалгындоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112386)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 54 "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3173/edition/1176443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112386/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы чалгындоо иши жөнүндө, 10-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-10

---

1. Тышкы чалгындоо органдары тарабынан алынган чалгындоо маалыматы мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга кирет.

2. Тышкы чалгындоо ишин жүзөгө ашырууда тышкы чалгындоо органдарына купуя негизде көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалымат мамлекеттик сырды түзөт жана ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык корголууга тийиш жана алардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик сырды түзгөн тышкы чалгындоо иши жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте жол берилген адамдар аларды ачыкка чыгарганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.

4. Тышкы чалгындоо ишине тиешелүү документтер жана башка материалдар тышкы чалгындоо органдарында сакталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112386/st-11)
