# 452-берене. Салык базасы

- Документ: [Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112384)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3171/edition/1183111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112384/st-452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 452-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-452

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, оюн-зоок ишине салык салуу базасы болуп 1 оюн жабдуусу саналат.

2. Тотализатор жана букмекердик контора үчүн салык салуу базасы болуп ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) саналат.

3. Сервердин жайгашкан жерине карабастан онлайн-казинодо жана электрондук (виртуалдык) казинодо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү боюнча салык салынуучу база болуп салык төлөөчүнүн алган пайдасынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма саналат.

---

Мурунку берене: [451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-451)  
Кийинки берене: [453-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-453)
