# 3-берене

- Документ: [Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112384)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3171/edition/1183111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112384/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 46 жана 47-пункттар менен толукталсын:

"46) оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, сервердин жайгашкан жерине карабастан букмекердик контораларда, тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш;

47) ставкаларды кабыл алуу пункту (касса) - букмекердик конторанын же тотализатордун кызматкеринин электрондук-эсептөө техникасы жана керектүү байланыш каражаттары менен жабдылган жана ставкаларды кабыл алууга жана утуштарды берүүгө арналган, өзүнчө бөлүнгөн өзгөчө жумуш орду.";

2) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) оюн-зоок ишине салык.";

3) 184-берененин 1-пункту "оюндарга" деген сөздөн кийин ", анын ичинде кумар оюндарына" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 191-берененин 3-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөр "кумар оюндарына, кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-глава менен толукталсын:

"62-глава. Оюн-зоок ишине салык

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-2)  
Кийинки берене: [450-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-450)
