# 2-берене

- Документ: [Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112384)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3171/edition/1183111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112384/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "144-беренесинде" деген сөздөр "144 жана 346-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 346-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"346-берене. Лотереялык жана оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу

1. Лотереялык компаниянын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -

юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына ишенимсиз (жалган) маалыматты же документтерди берүү, же болбосо маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартуу -

лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдуу жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете лотерея жана оюн-зоок ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын талаптарын лотерея, оюн-зоок ишинин субъектисинин кызмат адамынын аткарбай коюшу же кароосуз калтырышы -

лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-219)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112384/st-3)
