# 9-берене. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 9-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-9

---

1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөн, оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн учурда лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.

2. Лицензия жоголуп же лицензиянын бланкы жараксыз болуп калган учурда, лицензиат үч күндүк мөөнөттө лицензиарга кабарлоого жана он күндүн ичинде лицензиянын дубликатын алуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоголгон/жараксыз болгон бланктын бардык реквизиттери жана бланктын жоголушунун/жараксыз болуп калгандыгынын себептери көрсөтүлүшү керек.

Дубликат колдо бар документтердин негизинде берилет. Берилген лицензиянын дубликатында "Дубликат" деген белги болушу керек.

3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.

4. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жана дубликат берүү үчүн акы он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алынат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-10)
