# 8-берене. Оюн-зоок жайларын түзүүгө жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 8-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-8

---

1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши ишкердиктин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет.

2. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан берилет.

3. Лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги

3. Лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Лицензия берүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Лицензия берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Оюн-зоок жайларын ачууга жана карап-күтүүгө, кумар оюндарына уюштурууга лицензияларды берүү, ошондой эле лицензиялык контролдоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Лицензия лицензиаттын арызында көрсөтүлгөн оюн-зоок жайынын белгилүү бир жайгашкан жерине берилет.

7. Оюн-зоок жайларын ачууга жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензия ээликтен ажыратылбайт. Аны колдонуу лицензиат менен бирдикте, анын ичинде кызматташуу жөнүндө келишим боюнча ишти жүзөгө ашырган башка жактарга, ошондой эле уюштуруучуларынын бири лицензиат болгон юридикалык жактарга жайылтылбайт.

8. Оюн-зоок жайларын ачууга жана аны карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, он жылдык мөөнөткө берилет.

9. Оюн-зоок жайын карап-күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугу лицензия алынган учурдан тартып пайда болот жана лицензия токтотулуп турган, чакыртып алынган, жокко чыгарылган же колдонуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып токтотулат.

10. Ишти убактылуу токтоткон учурда Оюн-зоок жайынын беш жумушчу күндүн ичинде тиешелүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана катталган жери боюнча салык органдарын бул тууралуу жазуу жүзүндө кабардар кылышы керек.

11. Юридикалык жактар, ар бир оюн-зоок жай үчүн белгиленген тартипте лицензия алынган болсо, бир нече оюн-зоок жайынын уюштуруучусу боло алат.

12. Тиешелүү лицензия албай туруп оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жана укук бузуулары тууралуу колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кирептер кылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-9)
