# 7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 7-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши жөнгө салууга тийиш.

2. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу, оюн-зоок иши жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, лицензиялоону, оюн-зоок жайларын контролдоону жана көзөмөлдөөнү оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок ишинин жана мамлекеттин субъекттеринин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону өзүнө камтыйт.

3. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

4. Оюн-зоок ишинин эсебин жүргүзүүнүн тартиби, шарттары жана отчеттуулук формалары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктуктук долбоорлорун иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

2) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга документтерди экспертизадан өткөрөт жана лицензияларды берет;

3) оюн-зоок иши субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду жана көзөмөлдү уюштурат;

4) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин өнүктүрүү маселелери боюнча тышкы байланыштарды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт;

5) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте берилген лицензиялардын колдонушун токтотуп турат, калыбына келтирет, чакыртып алат жана жокко чыгарат;

6) оюн-зоок бизнесинин бардык субъекттери үчүн оюндун эрежелерине минималдуу талаптарды белгилейт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-8)
