# 5-берене. Уюштуруу-укуктук формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 5-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-5

---

1. Оюн-зоок иши менен алектенүүгө жоопкерчилиги чектелген коомдун же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар гана укуктуу. Коом өзүнүн ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде чарбалык шериктештиктер жана коомдор, акционердик коомдор, оюн-зоок иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашырышкан юридикалык жактар белгиленген тартипте коомдук тамактануу (ресторан, кафе, бар ж.б.), туристтик жана мейманкана бизнесин уюштуруу менен байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар оюн-зоок иши менен алектенүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-6)
