# 3-берене. Бирликтер жана ассоциациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 3-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-3

---

1. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жаппы милдеттерди чечүү максатында ыктыярдуу негизде бирликтерди же ассоциацияларды түзүүгө укуктуу.

2. Бирликтер же ассоциациялар коммерциялык эмес уюмдарды (бирликтерди жана ассоциацияларды) түзүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлөт.

3. Бирликтердин жана ассоциациялардын иши алар тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын жана алардын жоболору менен коммерциялык эмес уюмдарды (бирликтерди жана ассоциацияларды) түзүү маселелерин жөнгө салуучу уюмдаштыруу документтеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мындай уюмдарга лицензия алуу талап кылынбайт.

4. Бирликтер же ассоциациялар оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-4)
