# 15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 15-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-15

---

1. Оюн-зоок жайларынын штатына 21 жаштан жаш эмес (аракетке толук жөндөмдүү) кызматкерлер алынышы зарыл.

2. Оюн-зоок жайларынын кардарлары төмөнкүлөр боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандар;

3) аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандар.

3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) абдан мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;

2) оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;

3) оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.

4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде коомдук жүрүм-турум жана адеп-ахлак ченемдерине тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кандай кардар болбосун оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.

Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.

6. Оюн-зоок жайларынын кардарларын аныктоо үчүн оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайларына киргизүүдө кумар оюндарынын катышуучуларынын ким экендигин ырастоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылууга, ал эми кумар оюндарынын катышуучулары ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.

7. Оюн-зоок жайларында кумар оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-16)
