# 14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектоөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.02.2024 [Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383#diff=1241174..3625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 14-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын борборунда жайгашкан казинодо оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймактык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны бештен кем болбошу керек.

Казинодо орнотулган оюн жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш.

2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек.

Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.

3. Оюн-зоок жайында оюн жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу салык кызматынын тиешелүү органына жана лицензиарды жазуу жүзүндө маалымдоого, ошондой эле акыркысына зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.

6. Оюн жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнүн өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болуп саналат.

7. Оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар сертификация процедурасынан өткөн жана белгиленген стандарттарга шайкештигин тастыктаган документи болгондо (алса) гана иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сертификаттоо жол жобосунан өткөн оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагында сертификаттоо жол-жобосунан өтпөгөн жана стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталбаган оюн жабдууларын, адистештирилген программалык продуктуну пайдаланууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-15)
