# 11-берене. Лицензияны чакыртып алуу жана колдонууну токтотуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 11-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-11

---

1. Лицензиат ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 2-пунктунда белгиленген талаптарды бузган учурда лицензия жокко чыгарылат.

1) ушул Мыйзамда белгиленген талаптар бузулса;

2) белгиленген мөөнөттө, анын ичинде лицензиар лицензиянын колдонулушун токтоткону боюнча тиешелүү салыктарды төлөбөгөндүгү же болбосо өз убагында төлөбөгөндүгү менен байланышкан бузуулар четтетилбесе;

3) ушул Мыйзамда жана "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар лицензиат тарабынан аткарылбаса;

4) лицензия берилген иштин түрү менен алектенүүгө лицензиатка сот тыюу салса.

5) оюн-зоок иши үч айдан ашык жүзөгө ашырылбаса.

3. Лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:

1) лицензиаттын иши токтотулганда;

2) лицензияны колдонуу мөөнөтү бүткөндө;

3) лицензия чакыртып алынганда.

4. Лицензиянын кайтарылып алынышы жана лицензияны колдонууну токтотуу оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу дегенди билдирет.

5. Лицензияны колдонууну токтотуу чечими жөнүндө лицензиар үч жумушчу күндүн ичинде лицензиатка жазуу жүзүндө маалымдайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-12)
