# 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалануучу негизги аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.02.2024 [Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002272); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383#diff=1241174..3625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3170/edition/1241173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112383/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 1-берене (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат: оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндарын уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга байланышкан иш; оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана аны карап-күтүүгө. кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай (имарат); казино, тотализатор, букмекердик кеңсе; катышуучу - оюн-зоок жай өткөргөн кумар оюндарына түздөн-түз катышкан чет мамлекеттин жараны болуп саналган жеке жак; кумар оюну - тобокелге негизделген жана оюн-зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга жараша болот; мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө эки же бир нече катышуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот; казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу менен жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт; оюн жабдуулары - рулетка, карта үстөлдөрү, чакмак таш оюну үчүн үстөл, оюн автоматтары, анын ичинде тотализатордун жана букмекердик кеңсенин жабдуулары; оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жайында атайын жабдылган, утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган жер, анда оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл); оюн автоматы - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр менен иштөөчү, электрондук же башка техникалык жабдуу, ошонун ичинде электрондук рулетка). Мында электрондук рулетканын жана оюн автоматтарынын ар бир олтуруучу оруну (ойнолуучу) бир оюн автоматы катары кабыл алынат; оюн автоматтары залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндары өткөрүлүүчү казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы; оюн-зоок зонасы - оюн жабдууларын орнотуу үчүн арналган, казинодо жайгашкан оюн-зоок орун жайы бир бөлүгү; тотализатор - анда бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мурдатан анык болбогон окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш түзүлгөн, катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жолжоболорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн оюн-зоок жайы (анын ичинде "Бинго-лото" жана "Русское лото"); букмекердик кеңсе - казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы же орун жайы, анда натыйжасы алдын ала белгисиз окуянын жыйынтыгына карата бардык катышуучулар менен оюн-зоок жайынын ортосунда мелдеш түзүлөт; оюн-зоок жайынын кассасы - оюн-зоок жайындагы уюштуруучу тарабынан атайын жабдылган, накталай акча алмаштыруу кызматтары көрсөтүлүүчү жай; утуш - кумар оюнунун уюштуруучусу тарабынан кумар оюнунда же мелдеште төлөнгөн жана алынган каражаттардын акчалай суммасынын ортосундагы оң айырма катары өз алдынча аныкталган акча түрүндөгү экономикалык пайда; онлайн-казино - бул утуштарды алуу каралган кумар оюн жайларында же башка жайларда кумар оюндарын өткөрүүгө ылайыкташтырылган аппараттык-программалык комплекстерин же болбосо Интернет аркылуу байланыш каражаттарын (пайдалануу жайына карабастан) пайдалануу аркылуу бир оюнчу пайдалануучу жана көп оюнчу пайдалануучу режиминде реалдуу убакыт режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү; кумар оюнун уюштуруучу - кумар оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. компьютердик симуляторлор - виртуалдык чөйрөдө реалдуу көрүнүштөрдүн жана касиеттердин бөлүгүн чагылдыруучу, иш жүзүндө болуп жаткандыгынын элесин жаратуучу программалык жана аппараттык каражаттар; аппараттык-программалык комплекс - милдеттердин комплексин аткарууну автоматташтыруучу жана электрондук маалымат ресурстарынын жана маалымат системаларынын иштешин камсыз кылуучу техникалык жана программалык каражаттар; электрондук (виртуалдык) казино - Интернет тармагы аркылуу кумар оюндарына кирүүгө мүмкүндүк берген сайт же программа. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, он үчүнчү абзацта текстке дал келбейт

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112383/st-2)
