# 91-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин компетенциясы

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044115)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382#diff=35985..51150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3169/edition/1279295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112382/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 91-берене (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-91

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме:

1) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгууга катышат;

2) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервге коюуга укуктуу;

3) жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө, ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;

4) ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду курууга (анын ичинде тарифти төмөндөтүүгө) аукционду жана сынактык тандоону жарыялоого укуктуу;

5) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;

6) жер участогунун максаттуу багытын бузуу менен пайдаланган же болбосо ЭКБны пайдалануу менен объектти куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбаган учурда 2 жылдын ичинде жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу;

7) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;

8) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

(КР 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-9)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-10)
