# 9-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044115)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382#diff=35985..51150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3169/edition/1279295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112382/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 9-берене (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-9

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

2) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгат;

3) ЭКБны пайдалануу менен объектти курууга инвестиция салуу ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;

4) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;

5) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга сынак өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелерди аткаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

6) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруунун долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө укуктуу;

7) энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу менен объекттерди кошууга мониторинг жүргүзөт жана контролдоону жүзөгө ашырат;

8) ЭКБнын энергетикалык дараметин, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо, ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө шайкеш келишин аныктоо жолу аркылуу ЭКБны пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мониторинг жүргүзөт;

9) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мекеме жана энергетикалык компания менен биргеликте электр энергиясын берүү келишимине кол коюучу катары чыгууга укуктуу;

11) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

(КР 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-8)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-91)
