# 5-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3169/edition/1279295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112382/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 5-берене (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-5

---

Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасында ЭКБны пайдалануу менен байланышкан мамилелерди, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча жөнгө салуу болуп эсептелет:

1) ЭКБнын дараметин изилдөө;

2) ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан дем берүү;

3) ЭКБны өндүрүү, ташуу, өзгөртүү, сактоо жана пайдалануу үчүн энергетикалык орнотмолорду, машиналарды, жабдууларды жана продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, ташып кирүү жана пайдалануу;

4) кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу аркылуу энергия алып жүрүүчүлөрдү жана механикалык энергияны өндүрүү;

5) ЭКБнын энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган уюштуруу, илимий-изилдөө, долбоордук, эксперттик, конструктордук, курулуш жана жөнгө салуу ишин жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-6)
