3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 03.04.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) биомасса - байкоо жүргүзүү учурунда биогеоценоздо болгон өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын организмдеринин жыйынды массасы;
2) кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жолу менен, анын ичинде кайра жаралуучу отундан алынган экологиялык таза энергия;
3) энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:
а) күндүн энергиясы, Жердин энергиясы, вакуумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суунун энергиясы;
б) кен эместерден жана көмүртек эместерден пайда болуучу энергиянын булактары, ар кандай органикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын ажыроосунан (ачыган) пайда болгон энергия;
в) экинчи ирет алынуучу жылуулук энергиясы (градириялар, трансформатордук подстанциялар, алардын иштөөсүнүн натыйжасында экинчи ирет алынуучу жылуулук энергиясы бөлүнүп чыккан башка өнөр жай орнотмолору жана агрегаттар);
4) кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассадан жана бардык органикалык же жаратылыш чийки затынан жана/же булактан алынуучу отун;
5) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучу энергияны кайра түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө багытталган аракеттердин жыйындысы, ошондой эле бул аракеттерди материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
6) күндүн энергиясы - күн радиациясын колдонуудан алынган энергия;
7) түйүн (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энергиясын ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү үчүн техникалык каражаттардын жыйындысы;
8) биогаз орнотмосу - газды, экинчи ирет алынуучу жылуулукту иштеп чыгуу жана органикалык жер семирткичтерди алуу үчүн органикалык калдыктарды жана агындыларды анаэробдук ачытуу үчүн жабдуулардын тутуму;
9) энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясы - энергиянын кайра жаралуучу булактарынан гана алынган электр энергиясы;
10) шамалдын энергиясы - шамалдын энергетикалык дараметинен алынган энергия;
11) гидроэнергия - суу энергиясын пайдалануучу гидроэнергетикалык агрегаттар өндүргөн энергия;
12) салттуу энергия - калыбына келбөөчү ресурстардан, атап айтканда, көмүр суутек чийки заттарынан (көмүр, мунай, газ) жана белгиленген кубаттуулугу 30 жана андан ашык мегаватт болгон гидроэлектр станцияларынан алынуучу энергия;
13) күн орнотмосу - күндүн энергиясын жылуулук же электр энергиясына айландыруу үчүн жабдуулардын тутуму;
14) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) кайра жаралуучу энергияны керектөөчү - кайра жаралуучу энергиянын булактарын өздөштүрүү жолу менен алынган энергиянын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү пайдалануучу юридикалык же жеке жак;
16) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17) энергиянын кайра жаралуучу булактарын диверсификациялоо - анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү ишин кеңейтүү;
18) жеңилдетилген мезгил - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмолор үчүн чектик тарифти колдонуу мөөнөтү мыйзамда белгиленген мезгил;
19) ЭКБ объекти - ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук энергиясын өндүрүүгө багытталган техникалык түзүлүштөр, алар менен өз ара байланышкан, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттин менчик ээсинин балансында турган ЭКБны пайдалануу боюнча объектти эксплуатациялоо үчүн технологиялык жактан зарыл болгон курулмалар жана инфратүзүм;
20) ЭКБ субъекти - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү (режимдердин бардык түрлөрү), берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар);
21) микрогенерация - электр энергиясын өлчөмүнө, технологиясына же отунга карабастан тармактан тышкары да же тармак менен параллелдүү негизде да ал керектелүүчү жерде же ага жакын жерде өндүрүү;
22) микрогенерация объектиси - эгерде мындай объекттин электр энергиясын электр тармагына берүү үчүн имараттагы бирден ашык орун жайды тейлөөгө багытталган, анын ичинде көп батирлүү үйдүн же турак үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген электр жабдуусу пайдаланылбаса, энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрү чыңалуусунун деңгээли 1 кВ ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВт ашпаган электр тармактык чарбанын объекттерине технологиялык жактан кошулган, электр энергиясын керектөөчүгө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, электр энергиясын өндүрүү боюнча объект;
23) электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - ЭКЭАС) - адистештирилген, метрологиялык аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен турган, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын берүүнү, аларды иштеп чыгууну, аныктыгын баалоону, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, автоматташтырылган режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү система.
ЭКЭАС, электрондук кол тамганы колдонууну кошуп алганда, документтештирүү системасы менен толукталышы мүмкүн;
24) эсептешүү борбору - электр энергиясынын (кубаттуулугунун) рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын аймагында электр энергиясын иштеп чыгууну, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган субъекттер үчүн маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (ЭКЭАС) аркылуу электр энергиясынын балансынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак;
25) Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) - аппараттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлүштөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлүштөрү ж.б.) жана программалык камсыз кылуудан (операциялык система, программалык тиркемелер ж.б.) турган электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын автоматтык түрдө топтоо жана иштеп чыгуу системасы;
26) (КР 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27) системалык оператор - Кыргыз Республикасынын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашырат.
28) тарифтин чектик деңгээли - ЭКБдан алынуучу энергиянын бардык түрлөрүнө баалардын максималдуу чоңдугу. Тарифтин чектик деңгээли төмөндөшү мүмкүн.
29) аукцион - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чектик тарифти төмөндөтүү жолу аркылуу анын алкагында тарифти аныктоо процесси;
30) сынак - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тандоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан өткөрүлүүчү, критерийлерге жана талаптарга баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылуучу, ЭКБнын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун кыйла пайдалуу экономикалык, финансылык жана башка шарттарды сунуштаган катышуучуну аныктоого багытталган атаандаштык жол-жобосу;
31) электр энергиясын топтоочу - электр энергиясын топтоо, сактоо жана тармакка берүү үчүн арналган тутум;
32) ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме - жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, ондоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоонун, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана өндүрүүгө дем берүүнүн жана ЭКБнын субъекттерине электр энергиясын сатып алуу кепилдигин берүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мекеме.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук эмес жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү илим менен технологиянын өнүгүшүнө жараша кеңейиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 174, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 сентября 2024 года № 164 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 174 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…булактарын өндүрүү ишин кеңейтүү;
18) жеңилдетилген мезгил - алынып салынды: жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын алынып салынды: пайдалануучу кошулду: пайдалануу менен орнотмолор үчүн алынып салынды: тарифтин кошулду: чектик тарифти колдонуу мөөнөтү мыйзамда белгиленген алынып салынды: колдонуу мөөнөтү;
кошулду: мезгил;
19) ЭКБ объекти - ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук … автоматтык түрдө топтоо жана иштеп чыгуу системасы;
26) алынып салынды: энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин реестри - мамлекеттик жөнгө салууга жана контролдоого тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы;
кошулду: (КР 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27) системалык оператор - Кыргыз Республикасынын улуттук энергетика … максималдуу чоңдугу. Тарифтин чектик деңгээли төмөндөшү мүмкүн.
кошулду: 29) аукцион - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чектик тарифти төмөндөтүү жолу аркылуу анын алкагында тарифти аныктоо процесси;
30) сынак - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тандоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан өткөрүлүүчү, критерийлерге жана талаптарга баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылуучу, ЭКБнын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун кыйла пайдалуу экономикалык, финансылык жана башка шарттарды сунуштаган катышуучуну аныктоого багытталган атаандаштык жол-жобосу;
31) электр энергиясын топтоочу - электр энергиясын топтоо, сактоо жана тармакка берүү үчүн арналган тутум;
32) ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме - жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, ондоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоонун, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана өндүрүүгө дем берүүнүн жана ЭКБнын субъекттерине электр энергиясын сатып алуу кепилдигин берүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мекеме.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын … 2023-жылдын 9-августундагы № 174, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № алынып салынды: 164 кошулду: 164, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112382/st-3" title="3-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>