# 14-берене. Кайра жаралуучу энергия жаатындагы ишти илимий жактан камсыз кылуу

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3169/edition/1279295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112382/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 14-берене (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-14

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы кайра жаралуучу энергия жаатында илимий ишти камсыз кылат, анын ичинде:

1) ЭКБны өздөштүрүү тармагында эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу жана көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгат;

2) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу изилдөөчүлүк жана инновациялык долбоорлорго сынактарды уюштурат;

3) кайра жаралуучу энергияны өздөштүрүү жаатында илимий жана инновациялык жетишкендиктерди киргизет;

4) мамлекеттик программаларды, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу бөлүгүндө отчетторду карайт жана ЭКБ жаатында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн, сыноолордун жана текшерүүлөрдүн илимий деңгээлин баалайт;

5) ЭКБ жаатындагы жаңы материалдарды. техниканы жана технологияларды түзөт;

6) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бул жааттагы программаларды жайылтуунун жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-15)
