# 13-берене. ЭКБ боюнча ишти маалыматтык камсыздоо

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 49 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3169/edition/1279295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112382/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 13-берене (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-13

---

ЭКБ энергиясынын маселелери боюнча ишти маалыматтык камсыздоо энергетика боюнча мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:

1) ЭКБны пайдалануу боюнча улуттук жана региондук программаларды кеңири талкуулоо;

2) ЭКБ чөйрөсүндө үлгү болуучу долбоорлорду түзүү боюнча иштерди координациялоо;

3) административдик-аймактык бирдиктердин аймагында ЭКБны басымдуу пайдалануучу зоналарды түзүү;

4) ЭКБ чөйрөсүндө технологиялардын жана жабдуулардын көргөзмөлөрүн уюштуруу;

5) ЭКБны керектөөчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө аларды өндүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча маалымат берүү;

6) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ЭКБны өндүрүүнү жана пайдаланууну жайылтуу.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112382/st-14)
